Пакистандын бийлиги борбор калаадагы башаламандыктан улам Исламабадга армия бөлүктөрүн киргизди. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдиргенин РИА Новости жазды.
“Шаарга армия чакырылып, ар кайсы жерге бөлүштүрүлдү. Алар полиция менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздайт”, — деп ведомство Twitter баракчасына жазган.
Маалыматка караганда, митингчилер полициянын бөлүмдөрүнүн бирин, брондолгон унааны жана жеке автоунааларды өрттөп салышкан. Ошондой эле, тартип сакчыларынын айтымында, митингчилер ок атууда.
Пакистандын көпчүлүк шаарларында нааразылык акциялары 9-май күнү кечинде башталган. Буга өлкөнүн экс-премьер-министр жана “Техрик-и-Инсаф” оппозициялык партиясынын лидери Имран Ханды Отчёттуулук боюнча улуттук бюронун кызматкерлери “Аль-Кадир” иши боюнча камакка алганы себеп болгон.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, саясатчы жубайы жана партиясынын лидерлери менен бирге “Аль-Кадир университетин” түптөө үчүн траст негиздешип, Пакистандын казынасына 50 миллиард рупий чыгым тарттырган. Мунун негизинде Исламабаддын соту 9-майда Ханды сегиз күнгө камакка алган.
Экс-премьер-министр камакка алынгандан көп өтпөй анын партиясы өлкө боюнча массалык митингдерди өткөрүүгө чакырган. Хандын тарапкерлери полиция менен кагылышып, бир катар шаарлардагы негизги жолдорду жаап, Лахор менен Равалпиндидеги аскерий имараттарга бастырып киришкен.
Карачи, Лахор жана Фейсалабадда полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонду. Учурда миңден ашуун демонстрант камалганы, ошондой эле кеминде бир адам каза болгону белгилүү.
Өз кезегинде Пакистан бийлиги массалык нааразылык акциялары катталган Пенджаб жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларына армия бөлүктөрүн жиберүүнү буйруду.
Имран Ханды Пакистан парламенти 2022-жылдын апрель айында ишеним көрсөтпөө менен кызматтан алган. Ал массалык башаламандыктарды уюштурган жана террористтер менен байланышта болгон деп дагы айыпталууда.