Пакистанда нөшөрлүү жаан-чачын жана андан улам келип чыккан суу ташкындарынан кеминде 45 адам каза болду, деп билдирет Geo TV телеканалы.
Эң көп адам курман болгон учур Хайбер-Пахтунхва провинциясында катталды — 21 адам каза болуп, алардын ичинен 10у балдар болгон.
Түндүк-чыгыштагы Пенджаб провинциясында 13 адам каза болду, дагы 11 адам Синд жана Белуджистан провинцияларында көз жумду. Кырсык учурунда имараттар урап, бир нече адам ошол себептен каза тапты.
Улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда, катуу жаан-чачын 5-июлга чейин уланат. Мекеменин билдиришинче, Белуджистандагы бир нече дарыялар жээктен ашып чыгышы мүмкүн.
Бул өлкө дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшүнө эң аяр өлкөлөрдүн бири экенин телеканал белгилейт.
Ооганстанда да нөшөрлүү жаандан улам Майдан, Вардак жана Логар провинцияларында суу ташкыны болду, деп кабарлайт TOLOnews. Табигый кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, алардын үчөө — балдар. Дагы төрт адам жаракат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр эвакуацияланды.


















