Пакистандын Пенджаб провинциясында катуу жааган жамгыр жана шамалдын айынан он адам каза болду.
Бул тууралуу Dawn басылмасы аймактык куткаруу жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыктарына шилтеме берүү менен маалымдады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлүү жаан-чачын дагы эле уланып жатат жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келди. Жарандарга этият болууга чакырык жасалды.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча аймактык башкармалыктын (PDMA) жетекчиси Ирфан Али Катиа билдиргендей, аба ырайынын туруксуздугу 1-июлга чейин уланат. Ал элди мүмкүн болуучу кесепеттерге даяр болууга үндөдү.


















