Биз үчүн демейдеги эле чай ичүү баш мээбизге, репродуктивдүү системага тескери таасир тийгизип, эмчек рагын, простата, жүрөк-кантамыр ооруларын пайда кыла тургандыгын доктор Кирилл Алексеев коркутпай эле, эскертүү иретинде айтууда.
Деги биз үчүн өтө ыңгайлуу болуп саналган пакеттеги чайдын кандай зыяны бар? Эгер Сиз чайдын бул түрүн дайыма колдонуп жүргөн болсоңуз, анда жогоруда аталган ооруулардын түрүнө кабылып калышыңыз мүмкүн.
Себеби пакеттеги чайды колдонуу менен Сиз миңдеген микропластика молекуласын чай менен кошо организимиңизге ичип аласыз. Алар андан ары ички органдарда көбөйө берет.
Ушундай эле жагдай нейлон пирамидаларына тиешелүү. Алар микропластикадан тышкары эпихлоргидрин канцерогенин да бөлүп чыгарат.
Ошондуктан эң жакшысы пакетке салынбаган эле жалбырак чайды ичип жүрүңүз.



















