Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 14-июлда Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү (7 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганын билдирди.
Министрлик кыздын сөөгү Кыргызстанга “Достук” чек ара бекетинен өткөрүп алынарын кошумчалады.
Мекеменин маалыматына ылайык, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатат.
Ал эми Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.
“Ош шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өтүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Базардын аймагын иретке келтирүү боюнча тиешелүү мекемелер иштеп жатат. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды”,- деп жазылган маалыматта.
Жекшембиде түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.
Социалдык тармакта соодагерлер, жарандар кымгуут-кыйсыпырга түшкөн, товарлар, буюм-тайымдар, машиналар сууга аккан видеолор, сүрөттөр тарады.
Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

















