Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы болгон Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина 25-апрелде үй камагына чыгарылганын 28-апрелде билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМКнын тергөөчүсү анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз берип, райондук сот аны канааттандырган.
Ушул эле күнү бул иш боюнча айып тагылган дагы бир шектүү С.В.Т. аттуу адам да үй камагына чыгарылган. Буга чейин ал Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени кабарланган.
Ал эми кылмышка шектелип кармалган Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин менен Виктор Васильев аттуу орусиялык жаран тергөө абагында калтырылган.
Биринчи май райондук соту 19-апрелде төртөөнүн тең баш коргоо чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Райондук соттун маалымдашынча, УКМК аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин биринчи бөлүгү (“Жалдануучулук”) менен иш козгогон. Башкача айтканда, кармалгандар башка мамлекеттеги куралдуу жаңжалдарга жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материталдык жактан камсыз кылуу жана үйрөтүүгө айыпталып жатышат. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандарга жети жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
УКМК азырынча бул иш боюнча расмий маалымат бере элек.


















