Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ошто балдар арасында өпкө оорулары көбөйдү. Эмне кылуу керек? Дарыгерден кеңеш

  • Интервью, Коом
  • 12.12.2023 16:24

Loading

Азыр Ош облусунда жаш балдар арасында өпкө оорулары күч алды. Анын айынан облустук балдар ооруканасына келгендердин саны көбөйүп, айрым убактарда орундуктар жетишпей калган учурлар да болууда. Буларды айткан Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгер-пульмонологу Базарагүл Чожоева балдар арасындагы өпкө оорусун өнөкөт кылып албоо максатында ата-энелер эмнелерге көңүл буруш керектигине токтолду.

– Саламатсызбы Базарагүл айым? Азыр жаш балдар арасында өпкө оорулары кескин көбөйүп жатканы байкалып жатат. Бул эмнеден болууда?

– Саламатчылык. Ооба, учурда өпкө оорулары кескин көбөйдү. Анткени ата-энелер тазалыкты жана бала багуудагы гигиеналык эрежелерди жакшы сактай албай калган учурлар болуп жатат десек болот. Мисалы, ковид учурунда бардык энелер үйдө отуруп, аш-тойлор менен чогулмайларга барбай калбады беле. Ошондо колду таза кармап, атайын эрежелери сактап жатышкандыктан, балдары мындай оорулардан кыйла оолак болуп атышкан.

Тема боюнча

Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

08.09.2026

Азыр бала ооруп калганда, кооптуу белгилерди билбей, көпкө чейин үйдө алып отура беришип, оорусун өтүштүрүп жиберишкендиктен, балдары реанимацияга түшүп калган учурлар да кездешип жатат. Болбосо, оорунун кооптуу белгилерин төрөтканадан баштап, кийин үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда, андан сырткары, аларды карап, дарылаган дарыгерлерден бери энелерге байма-бай үйрөтүп келебиз.

Мисалы, эгерде баланын дене табы көрсөтүлгөн жардамга карабай түшпөй койсо, онтосо, колу буту муздаса, бозоруп же агарып кетсе, эмбей калса, суу иче албай калса, дароо дарыгерлерге кайрылуу керектигин айтабыз, үйрөтөбүз. Андан сырткары, бала калтырап, титиресе, энтигип дем алса, көгөрсө, кургап кетсе сөзсүз кайрыл деп айтпайт дейсизби. Бирок ушулардын баары тең айтылып, үйрөтүлгөнүнө карабай, көңүл бурбай калган учурлар кездешип жатат да.

– Көп учурда ооруканада орун жетишсиз болуп, дарыгерлер кабыл албай койду деген нааразычылыктар да пайда боло калып жатат. Бул көйгөй эмнеден улам келип чыгууда?

– Ооба, кээде балдар массалык ооруганда бейтапканаларда орун жетишсиз болуп калат. Бирок ошого карабастан, ар бир баланын өзү жашаган аймактык ооруканаларда жана облустук ооруканаларда, кошумча керебеттер коюлуп орундуктар даярдалат. Көйгөй эмнеде болуп жатат? Биринчиден, оорулуу балдардын ата-энелери үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылбай, түз эле облустук ооруканага жетип келе калышат. Көпчүлүгү эмнегедир өзү жашаган аймактык ооруканаларга баргысы келбегендиктен, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, ушинтип нааразычылыктар пайда болуп калган учурлар бар.

Учурдан пайдаланып айткым келет, кымбаттуу ата энелер, балада жаңы эле оорунун белгилери пайда болгондо, эң алгач үй-бүлөлүк дарыгерлериңиздерге кайрылыңыздар, алар сиздерге оңой жана туура жолдорду көрсөтүп, эмне кылуу керектигин түшүндүрүп беришет. Түз эле облустук ооруканага жетип келе берсеңиздер, элдин көптүгүнөн ушинтип түшүнбөстүктөр пайда болуп калышы мүмкүн. Эгерде баланын абалы оор болсо, сөз жок, анда ар бир оорукана орун жоктугуна карабай алып дарылашат.

– Чоңдорго караганда балдарды дарылоодо кандай кыйынчылыктар же айырмачылыктар болот?

– Балдарды дарылоодо чоңдорго караганда, бир топ айырмачылыктар жана оорчулуктар кездешет. Ал – баланын анатомо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен, анан дары-дармектен башка энелердин баланы кандай карагандыгына да көз каранды.

Анан баарыбызга белгилүү, бала өзүнүн оорусу тууралуу айтып бере албайт. Адаптацияга, өзгөрүүлөргө баланын организми тез жооп бере албайт. Бизден ыкчам, туура жардамды талап кылат. Баланы курч оорулардан дарылаганда ар бир өткөн минуталар эсептелүү. Ыйлагандан башка эч нерсе билбеген ымыркайга дартты аныктап, так диагнозун коюп, дарылоодо албетте чондорго караганда айрымачылыктар коп. Дары дармектер да ар бир салмакка так эсептелип жазылат.

– Дагыгер болуш үчүн адамда кандай өзгөчөлүк болуш керек?

– Дарыгер болууда – адамдагы бардык асыл сапаттардан сырткары чыдамкайлык абдан зарыл. Дарылоо процессинде канчалык оор учурлар болбосун, чыдамкайлык менен үмүттөнүү менен иштөө керек.

Андан башка өз кесибин сүйүү керек, болбосо үй-бүлөнү таштап күн-түн иштөө колдон келбей калышы ыктымал. Айрым учурда чымырканып тер чыкканча иштеген учурлар болот. Иш убактың бүткөндөн кийин оорулуунун абалы күн бою жакшырбаса, түнгө чейин жанында болуп, байкоо жүргүзгөнгө да зарыл болгон учурларда, кесипти сүйүү, балдардын ден соолугун түзөтүп, андан кадимкидей кубануу, сонун эле керек болот. Артка кайтпай чыдоого жардам берет. Дарыгер болууда медициналык билимдин тереңдигинен башка дагы, жетинчи сезим болгону жакшы. Бул да оорулуунун тез айыгышына себеп болчу өзгөчө сапаттардын бири.

– Сизде 20 жылдык иш тажрыйбңыз бар экен. Ушул аралыкта кандай таасирдүү учурларды баштан өткөрдүңүз?

– Мен медициналык академияны аяктагандан кийин, бул ооруканада 26 жыл иштеп келем. Ар түрдүү ооруларды көрдүм. Жакшы адамдардан тажыйрба алып, алар менен бирге иштеп калдым. Буга мен абдан бактылуумун деп ойлойм. Жамаатта кайра кайталангыс инсандар болду. Чет мамлекеттерде жасалган оор-оор дарылоолорду, ушул эле Ош шаарында жасап коюшуп, анысына мактанбай, жөнөкөйлүгүн сактаган инсандар өттү. Андан сырткары, аз кездешкен жүздөгөн ооруларды көрдүм. Мен ар дайым ата-энелердин да, кесиптештеримдин да эң жакшы жана чанда кездешчү асыл сапаттарына таасирленем. Үйрөнүп алууга дайыма аракеттенип келдим. Аны мындан ары да улантам деген ниетим бар.

– Рахмат маегиңизге. Ишиңизге ийгилик каалайм!

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: дарыгерден соолуккеңешОшөпкө оорусу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

Ош улуттук драма театры ТҮРКСОЙ эл аралык фестивалдын гран-при байгесине ээ болду

23.10.2026
Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

Саламаттык сактоо министри  Д. Осмонов: “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү”

08.09.2026
Узак жашагандардын канынан ракты жок кылуучу сейрек иммундук клеткалар табылды

Узак жашагандардын канынан ракты жок кылуучу сейрек иммундук клеткалар табылды

22.08.2026
Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

Ошто дүйнөгө таанымал нашид аткаруучу Бараа Масуддун катышуусунда «Курман айт — 2026» майрамдык иш-чарасы өтөт

19.05.2026
Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

Экология жана энергия: Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

05.05.2026
Өзбекстанда балдар арасында менингит инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө

Өзбекстанда балдар арасында менингит инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө

24.04.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

21.03.2026
Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

Ош шаарында мэр алмашты: Токторбаев кетип, ордуна Акаев келди

19.02.2026
К. Бектурдиев: “Нипах вирусунун дарысы чыга элек. Анткен менен Кыргызстанга коркунучу жок”

К. Бектурдиев: “Нипах вирусунун дарысы чыга элек. Анткен менен Кыргызстанга коркунучу жок”

31.01.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.