Ушул жылдын 14-июлундагы селдин кесепети Ош шаарындагы борбордук базардын сатуучуларына эки эселенген зыянын тийгизди. Биринчиси – көпчүлүгүнүн товарынын бир бөлүгүн агызып, ыңгайсыздык жаратса, экинчиси – алар турган базар башка жакка жылдырыла турганы болду. Анткени шаардык мэрия борбордук базарды башка жакка жылдыруу чечимин кабыл алганын жарыялады. Мындан улам илгертен бери орун-очок алып, көнүп калган сатуучулардын желкеси тырышып, мэриянын эшигин каккылап, нааразычылыкка чыга башташты.
Анткен менен калаа жетекчилиги базарчылар менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошентип борбордук базарды жылдыруу керек деген мурдатан бери айтылып келаткан план эми ишке аша турган болуп калды. Демек, базар качан жана кайсы жакка жылдырылат? Алдыда ушул маселенин айланасында анализ кылууга аракет кылып көрөбүз.
Сел – шылтоого шынаа болду…
Ош шаарынын борбордук базарына кирип, товарларды эле эмес, адамдарды, керек болсо автоунааларды да агызган сел – ансыз да араң турган маселеге чекит коюп берди окшойт. Анткени, шаардын Башкы планында “калаанын борбордук базарын башка жакка жылдырылат” деген план болгон. Бул сөз 2010-жылдан бери айрым учурларда чыга калган темалардын бири болчу.

Бул сел – жүз миңдеген товарларды эле эмес, автоунааларды агызганын эске албаганда да, 5 адамдын өмүрү кыйылганы өтө оор жоготуу болду.
Жергиликтүү бийлик топон суунун көлөмү көп келип, базардын тушунан Ак-бура дарыясынан ашып, соодагерлерди карай базар ичин каптап кеткенин – мурда мыйзамсыз салынган көпүрөлөрдөн көрүштү.
“Агын менен келген буюм тайым, темир-тезектер, ошол көпүрөлөргө капталып калып, сууну базар тарапка ашырып жиберген”,-дешти. Ошентип мэрия борбордук базарды жылдырабыз деген план менен кошо сел бузуп кеткен 6 көпүрөдөн сырткары, дагы 10 көпүрөнү бузуп, алып ыргытты.
Шылтоого шынаа болуп, селдин айынан базарды жылдырабыз деген аракет катуу башталды. Мындан улам базарчылардын нааразычылыктары күчөп, алар менен жергиликтүү бийлик башчылары жолугушуу өткөрүшүүдө.

Негизи борбордук базарды жылдыруу аракети 2010-жылы башталган менен натыйжа чыкпай, кийинкиге калып отуруп, 2013-14-жылдары кайра катуу аракет көрүлгөн. Анда калаа башчысы болуп Мелисбек Мырзакматов иштеп турган.
Жаңы базардын орду өзгөрдү…
Жергиликтүү бийлик Оштун борбордук базары Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө, башкача айтканда, автоунаа базарынын жанына көчүрүлө турганын жарыялады.
Мындан улам соодагерлердин нааразычылыгы күчөп, бир топ талаптарын айтып митингдерге чыгышты. Талаптарынын ичинде убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтыра туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу болду.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жаңы салынуучу муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге курула турганын жарыя кылды. Мэр билдиргендей, бул базар эки ай аралыгында бүткөрүлө турган болууда. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.
“Буга чейин Көкүмбий көчөсүндөгү муниципалдык жерге базар куралы деп жатканбыз. Бирок сатуучулар ал жер жакпай турганын айтышканда, биз шаардан жер карап көрдүк. Кечээ кечинде Ишкаванга кеткен жолдун жээгинде “Мегаполис” соода борборунун жанынан 7 гектар жер таптык. Ушул жерди базар кылалы деп чечтик. 1-2 айдын ичинде бардык шарты менен базар ишке кирет. Ушуну укканда көпчүлүк сатуучулар кадимкидей өзгөрүп калышты. Анан сатуучулар алдыдагы “мектеп сезонунун” бүтүрүп алалы дешти, а биз макул болуп, август, сентябрь айларын кошуп бердик. Ага чейин биз базардын бардык шарттарын түзүп беребиз”,-деди мэр Жетигенов.
Негизи азыркы борбордук базар турган жер көчө болгонун биздин редакцияга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирген. “Базар жылса, ошол көчө ачылат. Анан Токтогул жана Навои паркынын уландысы катары кетет дагы, туристтер үчүн атайын жайлар ачылышы мүмкүн. Бирок негизинен сквер болот”,-деген ал.
Ири базарларды жылдырууда мэриянын практикасы чоң…
Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда менчик жердеги автоунаа базарын шаар сыртына чыгарган. Анда да эл чурулдап, жаңы базарга көчпөй кыйла кыйнаган. Ошондо жергиликтүү бийлик эски автоунаа базардын жолун бетон блоктор менен тосуп, элди жаңы базарга айдаган. Мырзакматов ушул жумуштардын фонунда борбордук базарды да жылдыруу аракетин көрүп, кыйла иштеген. Бирок натыйжа чыгара албай калган.

Кийинки шаарда Айтмамат Кадырбаев мэр болуп турганда Оштун автоунаа тетиктер базарын шаардын түндүк тарабына көчүрдү. Анда да соодагерлердин каршылыгы катуу эле болгон. Санэпидстанция: “базар таза эмес” деп, өрткө каршы кызматы: “базар кооптуу” деп, корутунду чыгарган. Анан мэрия базардын айланасын оңдоймун деп, базарды айлантып каздырып, дарбазаларын ширетип салган. Ошентип жаңы автоунаа-тетиктер базары ишке кирген.
Ал эми Таалайбек Сарыбашев калааны башкарып турганда шаардын Кулатов кичи шаарчасындагы базарды жойгон. Ал дагы соодагерлердин ызы-чуусу, наразылыктары менен ишке ашкан.
Азыр шаарда Бакытбек Жетигенов мэр. Анын тушунда калаанын борбордук базарын чыгаруу милдети турат. Бирок бул дагы наразылыктар менен, мэриянын алдында митингдер менен коштолуп атат. Ал буга чейин “Тешик таш” базарындагы жашылча жемиштерди саткан базарды, азыркы автоунаа базары жакка чыгарган эле.
Ошентип мындан кийинки кезекте Масалиев көчөсүндөгү “Келечек” базары менен Мамыров көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарды саткан базарлары тургандай. Анткени ушул жерлерде автотыгын болуп көрбөгөндөй көп катталаары белгилүү.
Даярдаган: А.Белеков.



















