2023-жылдын май айынын башында президент Садыр Жапаров Ош Эл аралык аэропорту жылдырыла турганын айтып, өзү жерине барып, көрүп чыккан. Мындан улам буга чейин да жылат деген сөздөр реалдуулукка айлынып бараткандай болду. Бирок айрым серепчилер Оштогу аба майданды жылдыруу маселеси оңой иш эмес экенин, аны атайын адистердин калыс иликтөөлөрүнөн кийин гана жети өлчөп бир кесиш керек дешет.
Аны жылдыруудагы актуалдуу маселелерин ортого салып, бир канча суроолор менен Ош Эл аралык аэропортунун өндүрүштүк диспетчердик пунктунун мурдагы башчысы Мураталы Акматовго кайрылып, ат жалында маек кылдык.
– Мураталы мырза саламатсызбы? Сиз менен буга чейин да Ош аэропортун жылдыруу же жылдырбоо маселеси тууралуу маектештик эле. Анда сиз бул аба майданды жылдырууга негиз жок экенин айткансыз. Ошол маегибизден кийин тактап айтканда, май айынын башында президент Садыр Жапаров Ош менен Жалал-Абадка атайын барып, аэропорттор жылдырыла турганын айтып кетти. Ушудан улам Жалал-Абадды айтпай эле коелу, Оштун аба майданы жылат экен деген мурдагы каңшаарлар, эми реалдуулукка айланып кеткендей болуп турат. Анткени өлкө башчы өзү айтып жатпайбы, жылат деп. Эми сиздин оюңузду кайра дагы уккубуз келди. Президенттин бул кадамынан кийин сизде дагы кандай ойлор пайда болду?
– Саламатчылык. Ооба, Жалал-Абаддыкы тууралуу көптөн бери сөз болуп аткан. Ал эми Оштукун жылдыра коюш кыйын го. Азыр Ош аэропортундагы көлөм – Бишкектеги “Манаска” караганда көп. Мисалы “Манаста” бир күндө 20 рейс учса, “Ошто” 27ге чейин барат. Көлөм көбөйүп кетти. Ошол эле Москвага Бишкектен 2 рейс учат, андан башка учпайт. А бизден 5 рейс учат. Орусиянын башка шаарлары боюнча учууларда да өзгөчөлүк бар: Оштон көп учат. Анан муну кандай максатта көчүрөм деп атышат мен түшүнбөй калдым. Ошондой шылтоолор менен эл аралык рейстерди “Манас” аркылуу уча турган кылып койбосо болду. Ушинтип атып Ош аэропортун Жалал-Абаддыкына окшотуп коелу деген да ойлору барбы деп коем.
Кыргызстанды көп жылдан бери хаб кылабыз деп аракет кылып атышып, бирок ал ишке ашпай атпайбы. Хаб болбойт! Чоңдордун баарына эле айтам. Хаб болбойт! Анткени 180 км ары жакта Алма-Ата турса, бул жагында Жамбылдын аэропорту, андан ары Ташкент турат. Эми ушул чөлкөмдү алып караганда 5-6 млн эл чогулта аласың. А биз тарапта, Ошто, Фергана өрөөнүндө 14 млн калк бар жана биздики тоо этегинде жайгашкан аэропорт. Кыштын күнү туман ашып барса 1-2 күн болот. Мисалы Фергана өрөөнүндөгү аба майдандарында жумалап жатпайт да. Ушундай өзгөчөлүктөрү бар.
– Ош аэропортун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр тарапка жылдырабыз деп атышпайбы. Бирок бул демилгеге караманча каршы турган айрым адамдар эгер жылса, Отуз-Адырдын адырлары, Алай жактагы жана Жалал-Абад тараптагы тоолор учактын конушуна тоскоолдук жаратат дешет экен. Ушул канчалык негиздүү же чындап эле ушундайбы?
– Ооба, тоскоолдук болсо керек, менимче. Бирок анын кандай экенин атайын адистер так билишет, ошолор нормативин иштеп чыгып бериш керек. Мындай кылса болот же болбойт деп. Анан азыркы учурда аэропортту көчүрө коем деп… Мен түшүнгөн да жокмун. Мындай маалымат чыккандан кийин элдин пикирин көрөйүнчү, кандай комментарийлерди жазышат, айтышат экен деп турган чагым.
– Азыр дагы бир ойлор айтылып жатат: Ош аэропортун жүк ташуучу бекет кылып, жаңысын жүргүнчүлөрдү ташуучу аба майданга айландырып салышы мүмкүн деген. Эгер чындап эле аэропортту көчүрүү демилгеси ишке ашты дейли. Бул пайдасын береби?
– Аны билбейм. Адистер эсептеп чыгыш керек. Муну ийри отуруп, түз кеңешиш керек. Тиешелүү адистерди топтоп, бардык ойлорду ортого салып, аргументтерди келтириш керек. Ошолордун баарын чогултуп келгенден кийин кайсы жагына ооп кетет, ошого карап анан чечим кабыл алыныш керек.
Биздин өлкөбүз чакан өлкө, тоолуу. Жаратылыш ушундай болуп калыптыр, Бишкек менен Оштун ортосунда тоолор жайгашкан. Темир жол каттамыбыз жок. Негизги транспортубуз автоунаа менен учак. Ушундай абалда бизде эки жерде: Ошто анан Бишкекте эл аралык аэропорт болгону өтө зарыл. Эгерде бизди такай, түз темир жол байланыштырып турганда башка кеп эле. Мисалы тиги Өзбекстанга окшоп: Ташкенттен, Бухара, Самарканддан бери темир жолдор байланыштырып турганда да башка кеп эле да.
Анан биздеги аэропортту жылдырат дегенге мен да таң калып турам. Миллиарддаган акчалар башка жактан келип, шарт эле куруп кое турган болсо, билбейм. Этап-этабы менен курабыз деп, ага чейин Бишкектен учуп турасыңар деп койсо, көрө берипсиң да, элдин Оштон Бишкекке таксиде каттап атканын. Бул маселени авиацияга тиешелүү тармакты тейлеген атайын агенттик бар, ошолор караш керек. Ошолордун чыныгы адистери калыс карап чыккандан кийин гана бир тыянакка келиш керек.
Анан жеке мага, ушул тармактын ардагери катары, Ош аэропортун жылдырып, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курабыз дегени кызык болду. Андай көп кабаттуу үйлөр курулуп атат го башка жактарда деле, жер толуп атпайбы. Эми сөзсүз аэропортту жылдырып анан ошол жерди берип, куруш керекпи? Эми дагы көрө жатаарбыз.
– Рахмат маегиңизге.
Маектешкен А. Белеков