Орусия Федерациясы Түндүк Атлантика альянсына мүчө болгон мамлекеттерге кол салууну пландаштырбайт жана аларга карата агрессивдуу ниети жок.
Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа проблемалары департаментинин директору Владислав Масленников «Известия» гезитине берген маегинде билдирди.
«Орусия менен НАТОнун мамилеси кансыз согуш аяктагандан берки эң төмөнкү чекке жеткен жок. Альянс биздин өлкөгө каршы туруу жана бизден келип чыккан «коркунучту» кармоо боюнча так багыт алды. Бул бардык чөйрөлөрдө жана бардык азимуттарда болот. «Орусия эч качан НАТО менен мамилесин начарлатууга умтулган эмес»,- деди ал.
Масленниковдун айтымында, алардын деградациясына толугу менен альянс күнөөлүү. Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салууну көздөбөйт жана мындай агрессивдүү пландары жок, деп түшүндүрдү департаменттин башчысы.
Дипломат өзгөчө кырдаал жаралган учурда Орусия менен НАТОдо дагы эле ишеним телефондору жана чукул байланыш үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда чыңалууну басаңдатуунун жолдорун табуу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон кадимки байланыштар жана диалог механизмдери тууралуу айта турган болсок, альянс аларды четке какты, деди Масленников.
«Бул биздин тандоо болгон эмес» деп эскерет ал. «2014-жылы НАТО биз менен Орусия-НАТО кеңешинде аскердик жана жарандык линиялар боюнча кызматташууну бир тараптуу токтоткон»



















