Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий иш сапары менен КЭДРге келди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Андрей Белоусов баштаган делегацияны Пхеньяндын четиндеги Сунан эл аралык аэропортунун бортунда Түндүк Кореянын коргоо министри, армия генералы Но Гванг Чол тосуп алды.
Орусиянын коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында КЭДРдин аскердик жана аскердик-саясий жетекчилиги менен жолугушуулар пландалууда, деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын июнь айында Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяга барып, тараптар кеңири стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшкан.




















