Орусияда өткөн жылдын 30-декабрында миграциялык чараларды катаалдаткан жарлык чыгып, жыл башынан баштап бул мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө 30-апрелге чейин документтерди тууралоого убакыт берилгенден кийин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу кайрылган.
Мунун негизинде Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартып, бул эреже жалпы чет өлкөлүк мигранттарга да тишелүү болду.
Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
«Орусия Федерациясынын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди», – деди министр.
Кулубаевдин айтымына караганда, бул мүмкүнчүлүк Садыр Жапаровдун Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу кайрылуусунун натыйжасында болду.
Бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат жана узартылбайт.
Маалыматка караганда, учурда 70 миңге жакын кыргызстандык кара тизмеде, бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыккан.
«Урматтуу жарандар, убакытты текке кетирбей, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар», – деп айтылат министрдин кыргыз мигранттарга карата билдирүүсүндө.
Министр жарандарды «сентябрга чейин убакыт бар да» деп жүрө бербөөгө чакырган. Анткени 10-сентябрга жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болгондуктан үлгүрбөй калыштары мүмкүн. 1-сентябрга чейин жогоруда белгиленген реестрден чыгышпаса депортация болушат.
Муну Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн жетекечиси Бакыт Асаналиев дагы ырастады.
«Көзөмөлдөнүүчү реестрдин тизмеси ар алты саат сайын өзгөрүп, жаңыртылып турат. Акыркы жолу майрамдардын астында 70 миңден ашуун болчу. Бул тизме жалпы Орусия боюнча берилет»,- деди ал.
Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн талап кылынган аракеттер
– Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге түшүүнүн себебин тактоо; буга манжа издерин тапшыруу, медициналык кароо сыяктуу процедуралар кирет.
– Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;
– Аймактарда жашагандар Орусиянын ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;
– Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Бул Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат.
Эмгек келишимдин негизинде:
– Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;
– Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;
– Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000 – 7000 рубль өлчөмүндө айып пул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.
Министр Жээнбек Кулубаев кошумчалагандай, бул процедураларды үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү керек.
Ал эми орусиялык тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты. Бул кошумча мүмкүнчүлүктү пайдалануу кажет.


















