Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьевдин билдирүүсүнө комментарий берип, журналисттин позициясы Москванын расмий позициясын билдирбейт деди.
Захарова Соловьевдин билдирүүлөрүн журналисттин жеке менчик телеканалда айтылган пикири катары четке какты. Анын айтымында, расмий позиция ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан билдирилет. Орусиянын жетекчилиги мурдагы Советтер Союзундагы жалпы өтмүш бир экенин, бирок азыркы эгемен мамлекеттер менен болгон мамилелеринин контекстиндеги саясаты боюнча бир нече жолу айтылганын кошумчалады.
«Орусия менен Түштүк Кавказ жана Борбор Азия элдерин тарыхый жактан жакшы коңшулук мамилелери, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык, достук жана кызматташтык байланыштырып келген. Бул мамилелердин прогрессивдүү өнүгүшүнүн ачкычы – бул, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген достук мамиледеги мамлекеттердин лидерлеринин ортосундагы жакшы жеке байланыштар», – деди Захарова.
Ушул жылдын 10-январында “Соловьев Live” программасынын алып баруучу Владимир Соловьев Борбор Азияны “биздики” (Орусияныкы – ред.) деп атап, Орусиянын таасир зоналарында атайын аскердик операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган. Ал ошондой эле Армениянын “колдон чыгышы” Орусия үчүн “чоң көйгөй” деп атаган.
Соловьёв Орусиянын айрым коңшу мамлекеттерине жана КМШга кирген өлкөлөрдүн дарегине карата мындай сөздөрдү мурда да айтып келген. Кыргызстандын ЖК дептутаты Дастан Бекешов Соловьёвду “персона нон-грата” деп атоону сунуштады. Анын артынан КР Прездентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Соловьевдун сөздөрүн этибарга албоого чакырып, сандырак сөздөрүнүн бири деп атады:
“Муну орусиялык журналист – алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара-чолодо айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек. Ал эми жооп берүү маселеси боюнча Соловьев журналист же алып баруучу болгондуктан, ага өз деңгээлинде журналисттер же башкалар жооп берип жатышат”, – деп жазды.
Эл аралык маалымат айдыңында Москванын башкы пропагандисти деп аталган Соловьевдун сөздөрүн Кыргызстандык саясий серепчилер, журналисттер өз алдынча айыпташкан. Алардын бири, саясий серепчи Искендер Шаршеев Орусиянын элдин маанайын текшерип турган бир канча ыкмалары менен бөлүштү.
“Мисалы мурда Жириновский Путиндин оюнда эмне болсо, ошону айтып көргөн адам болгон. Ал айткандан кийин социологдор ал айтылган сөз боюнча элдин реакциясын байкап көрүшөт. Биздин, өздөрүнүн, мисалы: Орусиянын майда-майда республикалардагы коомдук реакцияларды карап көрүшөт. Ошол убакта, элдин пикирин билип жыйноочу агенттиктер пайда болгон, азыр социалдык тармактар өнугүп кеткендиктен, аларга иштөө жеңил болуп калды, алар комментарийлерди окуп турушат. Жириновский өтүп кеткенден кийин азыр Соловьев, Киселев, Скабеева, Симонян сыяктуулар басып атышат. Ушулар бийликтин оюндагысын айтышат, анан ал элге жакпай калса, расмий бийлик буларды кайра күнөөлөп коюшат. “Бул акмак, өзү жинди киши, көңүл бурбагыла”,-деп коюшат”,- деди Шаршеев.
Анын баянын бул шилтемеден көрсөңүз болот:


















