Кыргызстанда Орозо айт быйыл 30-мартта белгиленет.
Бул тууралуу 25-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Айт намазынын убактысы жана окула турган жайы боюнча маалымат бериле элек.
Айт майрамы жекшемби күнгө туура келгени үчүн дүйшөмбү күн дем алыш болбойт. Мындай талап быйыл январь айында кабыл алынган Эмгек кодексине киргизилген.
Орозо айы быйыл 1-мартта башталып, 29-мартта бүтөт же 29 күнгө созулат. Дин аалымдарынын айтуусунда, пайгамбарларыбыз 29 күн орозо кармаган учур да болгон.
Орозо исламдагы беш түркүктүн бири болуп эсептелет. Рамазан айы мусулмандар үчүн куттуу жана берекелүү ай, бардык мусулмандар бул айда орозо кармашат. “Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” деген маанилерди билдирет.
Рамазан айында орозону тутуу бойго жеткен, акыл-эси толук, бир жерде отурукташкан ар бир мусулман адамга парз болот. Жаш балдар, оорулуулар, мусапырлар орозо кармашпайт. Бирок мусапыр адамдардын орозо кармаганы абзел. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.


















