Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарды полиомиелитке каршы эмдөө боюнча үч күндүк кампанияны үйлөрдө эмес, мечиттерде жүргүзүүнү чечти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Шарафат Заман Амархил билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү балалуу үй-бүлөлөргө бекер медициналык кызмат көрсөтүү үчүн салттуу үймө-үй кыдыруудан баш тартышканын түшүндүрдү. Анын айтымында, бул жолу мечиттерде уюштурулган медициналык пункттарда жана борборлордо балдар эмдөөдөн өткөрүлөт.
“Биз жергиликтүү аксакалдардан, илимпоздордон жана коомчулуктун лидерлеринен полиомиелитке каршы өнөктүктү натыйжалуу өткөрүү үчүн бул аймактардагы командаларыбызды колдоону суранабыз”, – деди чиновник.
Жалпы эмдөөнүн биринчи этабы өлкөнүн 16 провинциясында өтүп, беш жашка чейинки 6,2 миллион бала камтылат.
ДСУ мурда Ооганстанда полиомиелитке чалдыккандардын саны 2024-жылы 20дан ашат деп билдирген.



















