16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
“Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Тараптар бул кадам Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.





















