Ооган бийликтери интернеттин ишин толугу менен калыбына келтирди, деп билдирет Tolo News агенттиги.
“Ооганстанда интернеттин иши калыбына келтирилди. Өлкөдөгү бардык телекоммуникациялык тармактар кайрадан иштей баштады”, — деп жазылат каналдын X социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө.
Телеканал ошондой эле өзүнүн Telegram-каналында өкмөттүк булакка таянуу менен Ооганстандын премьер-министри Мохаммад Хасан Ахунд өлкөдө интернет жана байланыш кызматтарын өчүрүүдөн 48 сааттан кийин аларды калыбына келтирүүгө буйрук бергенин билдирди. Интернетти өчүрүү чечимин “адепсиздикке” каршы активдүү өнөктүк баштаган өлкөнүн Жогорку лидери Хайбатулла Ахундзада кабыл алган.
29-сентябрда NetBlocks интернет-мониторинг кызматы Ооганстанда талиптердин “адеп-ахлакты сактоо” чараларынан улам интернет толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген. 30-сентябрда БУУнун Ооганстандагы миссиясы өлкөдө 43 миллиондон ашык адам интернеттен ажыратылганын, анын жабылышы каржы жана банк кызматтарына, саламаттыкты сактоого жана жашоонун башка тармактарына таасирин тийгизгенин билдирген.


















