Ооганстандын Панжшир провинциясынын жергиликтүү бийлиги Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусияга 100 тонна жаңы гилас экспорттой турганын билдирди.
Бул маалыматты Bakhtar.news агенттиги жарыялады.
Анда белгиленгендей, Панжширдин губернатору Хафиз Мохаммад Ага Хаким бул маселе боюнча аталган өлкөлөрдүн бир катар ишкерлери менен атайын жолугушууларды өткөрүп, координацияны жакшыртуу жана экспортко көмөктөшүү маселелерин талкуулашкан.
Ушул жумада Өзбекстан, Кыргызстан жана Москвага 20 миллион афгани (афгани- валютасы) суммасындагы 100 тонна гилас жөнөтүлөт.
Ошол эле учурда, провинциянын соода жана өнөр жай палатасынын башчысы Маулви Аминул Хак Матсури, бул гилас экспорту Панжширдин мөмө өстүрүүчүлөрү үчүн жаңы рынокторду ачып, провинциянын экономикалык өсүшүнө түрткү берет деген пикирде экендигин билдирди.
Экономикалык оор кырдаалга карабастан, Панжширдин мөмө-жемиш экспорту, бул бийликтердин тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө жана жергиликтүү айыл чарбасын колдоо аракеттери.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Панжшир гиластары Индия менен Пакистанга экспорттолсо, быйыл аймактык саясий жана соода көйгөйлөрүнөн улам бул базарлардын баасы түшүп, экспорттун багыты өзгөргөн.
Панжширдин багбандары да провинциянын жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришкен. Алар өткөн жылы гилас экспортунан 360 миллион афгани киреше табышкан.
Эскерте кетсек, 2021-жылы “Талибан” кыймылы Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Панжшир провинциясын өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.
Буга чейин “Талибан” уюмун Орусияда тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу сунушталып, мындай сунуш менен эки министрликтин – Тышкы иштер жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү президент Владимир Путинге кайрылышкан.
Жыйынтыгында Орусиянын Жогорку соту апрель айында “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу маселесин карап, талиптердин ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотту.
Мындан тышкары, 2023-жылы Казакстанда уюмду тыюу салынгандардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынган.
Маалымат иретинде; Панжшир (پنجشیر ) – Ооганстандын отуз төрт провинциясынын бири. Калкынын саны боюнча 173 миңге жакын адам жашайт жана жашоочулардын 98,9%ын тажик улутундагылар түзөт. Аянты 3610 км², борбору – Базарак шаары.




















