Кечээ кечки саат 22:30да Казакстандан атайын каттам менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна конду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Гуманитардык жардамды Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А. Токанов коштоп келди.
Ош аэропортунан аны Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу М. Карыбай жана башкалар тосуп алышты.
Селден жабыркагандар үчүн келген гуманитардык жардамдын курамында турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөр бар.
Эскерте кетсек, 29-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайында кыян жүргөн. Аталган эс алуу жайынан 1300дөн ашуун эс алуучулар куткарылып, коопсуз жайга эвакуцияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлинин кызматкерлери менен эл бирге иш алып барып, бир канча адамдар куткарылган. Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 8 адам каза болгондугу кабарланууда.
Ал эми сел алып кеткен автоунаа жолдор ачылды.


















