Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тамакка уулангандыктан эртең мененки министрлер кабинетинин жыйынына катышпай калганын The Times of Israel гезити анын канцеляриясына таянуу менен билдирди.
Канцеляриянын маалыматына караганда, премьер-министр түн ичинде өзүн начар сезип, ага дарыгер чакырылган. Натыйжада ага бузулган тамакты жегенден улам ичегисинин сезгенүүсү деген диагноз коюлган.
Маалыматка караганда, 75 жаштагы Нетаньяху учурда дарыланууда. Ал дарыгерлердин көрсөтмөсү менен алдыдагы үч күн үйдөн иштейт.
Израилдин премьер-министри ууланганына байланыштуу эми сентябрга чейин ага каршы козголгон иштер боюнча сот отурумуна келбей турганын Times of Israel гезити сотко шилтеме берип маалымдады.
2019-жылдын 21-ноябрында Израилдин башкы прокурору Нетаньяхуга үч иш боюнча паракорчулук, алдамчылык жана коомдук ишенимди кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоо чечимин жарыялаган. Премьер-министр өзүнө тагылган бардык айыптарды бир нече жолу четке каккан. Айыптоо корутундулары 2020-жылдын 28-январында Иерусалим округдук сотуна өткөрүлүп берилген.
Нетаньяху 2024-жылдын декабрында сотто көрсөтмө бере баштаган. Соттор белгилеген эрежеге ылайык, премьер-министр жумасына үч жолу алты сааттан көрсөтмө бериши керек, бирок бул график ар кандай себептерден улам бир нече жолу бузулуп келген.
Акыркы жолу премьер-министр соттогу көрсөтмөсүн Сириядагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу шашылыш коопсуздук маселелерин шылтоолоп, мөөнөтүнөн мурда токтоткон.


















