Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна байланыштуу сот отурумун мөөнөтүнөн мурда таштап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.
The Times of Israel басылмасынын маалыматына ылайык, өкмөт башчы Сирия аймагындагы кырдаалдын курчушунан улам сот имаратын шашылыш түрдө таштап кетүүгө мажбур болгон. Израилдин коопсуздук кызматтары Сирия менен болгон чыңалуунун күчөшүнө даярданууда.
Буга чейин Израил Эс-Сувейда шаарындагы Сирия режими көзөмөлдөгөн имаратты учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) менен аткылаган. Бул аймакта акыркы күндөрү друздар менен бедуиндердин ортосунда кагылышуулар катталган болчу. Ошондой эле Дамаск шаарындагы Башкы штабдын имаратына да сокку урулганы кабарланды.
Мындан тышкары, бүгүн Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Сирия армиясына ультиматум коюп, Эс-Сувейда провинциясынан (өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан, друздар жашаган аймак) чыгып кетүүнү талап кылды. Министрдин айтымында, эгерде бул талап аткарылбаса, Сириянын куралдуу күчтөрүнө соккулар күчөтүлөт.
















