Израил режиминин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнө тагылган айыптарга жооп берүү үчүн Тель-Авивдин борбордук сотуна чакырылды.
Тель-Авивде Нетаньяхуга коюлган айыптарды кароо боюнча сот отуруму башталды.
Акыркы кабарларга караганда, Нетаньяху Израил режиминин кызматында калуусу менен коррупция боюнча айыпталган биринчи премьер-министр болуп калды.
Маалымат агенттиктери ошондой эле Газа тилкесиндеги израилдик туткундардын үй-бүлө мүчөлөрү Нетаньяхуга каршы коррупциялык иш каралып жаткан Тель-Авив сотунун имаратынын алдына чогулганын кабарлашты. Алар Израилдин режиминин премьер-министрине каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

















