Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 2023-жылдын октябрында палестиналык ХАМАС кыймылынын “Аль-Акса топон суусу” операциясынан кийин түзүлгөн аскердик кабинетти таркатканын жарыялады. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазыялады.
Анын таркашына коргоо министри Бенни Ганцтын кызматтан кетиши жана анын артынан башка таасирдүү фигуралардын да кетиши себеп болгон. Нетаньяху белгилегендей, аскердик кабинет Ганцтын өтүнүчү менен түзүлүп, ал кеткенден кийин мындай форматтын зарылдыгы жоголгон.
Чечим ашкере оңчул күчтөрдүн да кысымы таасир эткени менен түшүндүрүлгөн.
Кызматтан кетүү боюнча жазган катында Ганц өкмөт башчысын 8-июнга чейин Газа тилкесинде иш-аракеттердин так планын жарыялоого чакырган. Жооп ала албаган экс-министр АКШ президентинин тынчтык демилгесин колдоп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылдыгын билдирди.
Ал эми Нетаньяху Палестина калкынын геноциди менен аяктаган Газа тилкесиндеги аскердик операцияны улантууга чечкиндүүлүгүн белгилеген.
Учурда Израилдин аскерлери Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына жакын жерде согуштук аракеттерин жүргүзүшүүдө. Кырдаал ири адамдык жоготуулар менен коштолууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, бул согушта 37 миңден ашуун палестин каза болсо, анын 17 миңден ашыгы балдар. Мындан тышкары, 85 миңге жакыны ар кандай жараттарды алышкан.
Буга чейин Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, өлкөнүн коргоо министри Йов Галантты, ошондой эле ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Ханияны, уюмдун аскердик канатынын командири Мухаммад Дейфти жана Газа тилкесиндеги каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Яхья Синварды камакка алууга ордер берүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон.
Аталган соттун расмий сайтында жазылгандай, Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан аларды камакка алууну талап кылган. Бул тууралуу Хан CNN телеканалына берген маегинде билдирген.
Өз кезегинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) кызматкерлери АКШ жарандарын же союздаш мамлекеттерди, анын ичинде Израилди иликтөөгө, камакка алууга же сот жообуна тартууга аракет жасаса, аларга каршы санкцияларды киргизе турган мыйзам долбоорун жактырды, деп айтылат комитеттин маалыматында.
БУУнун көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын отчетунда Израилдин бийликтери 7-октябрдан бери Газада жасалган адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн жооптуу экени белгиленет.
11-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши көпчүлүк добуш менен Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы узакка созулган жаңжалды жөнгө салуу боюнча Американын жаңы демилгесин жактырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк уюмдун маалымат порталы билдирди.
Ошентип, Нетаньяхунун өкмөтү олуттуу ички саясий кризиске, ошондой эле узакка созулган аскердик жаңжалдын фонунда эл аралык чоң кысымга туш болду. Мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялоо бул абалдан чыгуунун бир жолу болушу мүмкүн.



















