Түндүк атлантикалык альянстын элчилери Нидерланддын премьер-министри Марк Рюттени НАТОнун жаңы баш катчысы катары бекитти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Рютте кызматына октябрь айында киришет. Ал өз кызматында норвегиялык саясатчы Йенс Столтенбергди алмаштырат. Столтенберг отставкага 1-октябрда кетет.
Түндүк альянсты 2014-жылдан бери башкарып келаткан Йенс Столтенберг Рюттенин кызматка бекитилишин кубаттап, аны чыныгы трансатлантик, күчтүү лидер жана консенсустун жактоочусу деп атады.
Жаңы кызматка дайындалган 57 жаштагы Рютте Нидерланд өкмөтүн 2010-жылдан бери башкарып келген.

















