Учактар менен космос мейкиндигин изилдөө боюнча Улуттук башкармалыктын (NASA) 300гө жакын учурдагы жана мурдагы кызматкерлери АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын кескин сынга алышты. Алар агенттиктин миссияларына зыян келтирген, мыйзам бузган жана коркунучтуу кыскартууларды жүргүзгөн деп айыпташты.
Бул тууралуу The Guardian басылмасы NASA жетекчисинин милдетин аткаруучу Шон Даффиге багытталган ачык катка таянып билдирди.
Катта:
«Акыркы алты ай ичинде агенттикке зыян алып келген ыкчам жана ысырапкор өзгөрүүлөр болуп өттү. Бул өзгөрүүлөр NASAнын кадрлар курамына өтө катастрофалык таасир тийгизди», — деп жазылган.
Кызматкерлердин айтымында, «реформалар» деген шылтоо менен мурда Конгресс тарабынан каржыланган көптөгөн миссиялар токтотулган. Анын ичинде илимий изилдөөлөр жана аэрокосмостук иштеп чыгуулар да бар. Бул, алардын айтуусунда, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жоготууга алып келип, улуттук коопсуздукка да коркунуч жаратып жатат.
Авторлор белгилешкендей, бул кыскартуулардын баары агенттиктин техникалык бөлүмдөрү менен кеңешпестен, саясий негизде кабыл алынган.
«Биз Конгресс тарабынан бекитилип, каржыланган миссиялардын жабылышына каршыбыз. Бир жолу токтотулган космостук аппаратты кайрадан ишке киргизүү мүмкүн эмес», — деп айтылат катта.
Мындан тышкары, катта Трамп администрациясынын эл аралык кызматташуу программаларынан баш тартканы, кызматкерлерди мыйзамсыз жумуштан бошотуу, билим берүү жана инклюзивдүү программаларды токтотуу сындуу маселелер да көрсөтүлгөн.
Катка кол койгондордун айрымдары өз аты-жөнүн ачык көрсөтүүдөн баш тартып, «коркутуу жана куугунтуктоо коркунучу бар» экенин билдиришкен.
Катка NASAнын бардык борборлорунун өкүлдөрү тарабынан кол коюлган.


















