Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган белек кылган «Togg» электромобилинин ачкычы тапшырылды.
Бул тууралуу өзбек лидеринин маалымат кызматы билдиргенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Белекти Өзбекстанга сапары менен келген Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк сүйлөшүүлөрдүн соңунда тапшырды.
Өзбек лидери Эрдоганга ыраазычылык билдирип, түрк элин электромобилдерди чыгаруунун башталышы менен куттуктады. Андан соң Мирзиёев унааны өзү сынап, рулга отуруп, айдап көрдү.
Видеодон Мирзиёев «Мустакиллик» аянтын аралап, андан соң башка унаанын коштоосунда Ташкенттин көчөсүнө чыгып баратканын көрүүгө болот.
Эске салсак, апрель айынын башында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда жасалган Togg T10X (Türkiye’nin Otomobili Girişim Grubu A.Ş.) көк түстөгү электромобилинин биринчи ээси болгон. Эрдоган менен журналисттердин маектешүүсүндө ушундай эле электромобилдин кызылы Азербайжандын президенти Илхам Алиевге жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. «(Автоунаа) Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге да жөнөтүлөт», — деген Түркиянын башчысы.
Мындай электромобилдерди чыгарган ишкана былтыр күзүндө Түркиянын Бурса шаарында ачылган. Togg T10X Түркияда иштелип чыккан толугу менен электрдик C-сегменттеги жол тандабас. Ал литий-иондук аккумулятор менен иштейт. Унаанынмаксималдуу ылдамдыгы 185 км/саат. Бир жолу кубаттоо менен 314 чакырым аралыкка жете турган стандарттуу версиясынын баасы 923 миң түрк лирасын (48 500 доллар) түзөт. Ал эми 523 чакырым аралыкка чейин жеткен жогорулатылган версиясы 1,215 миллион түрк лирасына (63,9 миң доллар) бааланууда.
Эрдоган жыл ичинде республиканын жарандары үчүн мындай электромобилдин 20 миң даанасын чыгаруу пландалып жатканын кошумчалаган.
Компаниянын башкы директору Гюржан Каракаш электромобилдерди жакынкы 1,5 жылдын ичинде жалаң гана ички рынокто сатуу, андан кийин Германия, Франция жана Европанын башка өлкөлөрүнө экспорттоо пландаштырылып жатканын билдирген.