8-декабрда белгиленип жаткан Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгынын урматына өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев “Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, кылган кылмышы үчүн чын дилден өкүнгөн жана оңолуу жолуна бекем тургандыгы” жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган указ менен 334 адамга мунапыс берилди. Алардын ичинен 34ү негизги жазасын өтөөдөн толук бошотулду, 249у жазасын өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулду, 45 жаранга мөөнөтү эркинен ажыратылган түрдө азайтылды. Дагы алты эркинен ажыратылгандарга жазасы жеңилдетилди.
Мунапыс берилгендердин арасында – 23 аялдар, 15 эркектин жашы 60тан жогору, 88 адам тыюу салынган уюмдарга катышкандар, ошондой эле 18 адам чет элдик жарандар болуп саналат.
«Буйрукту ишке ашыруунун алкагында жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго мунапыс берилген адамдарды үй-бүлөсү менен жакындарына кайтып барышына, алардын социалдык жактан адаптациялануусуна көмөк көрсөтүү, пайдалуу эмгекке тартууга, сергек жашоо образын тандап алуусуна жана коомдо татыктуу ордун табуусуна көмөктөшүүгө шарт түзүү тапшырмасы берилди», — деп айтылат президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Ошентип үстүбүздөгү жылдын башынан бери Өзбекстанда 1161 адамга мунапыс берилди: 31-августта, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында кол коюлган мындан мурдагы буйрук менен 286 адамга мунапыс берилген, дагы 541 адам апрелде – Рамазан айт майрамынын алдында эркиндикке чыгышкан.



















