Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын суук түшкөндө кезектерди жаратпоо үчүн алдын ала көмүр сатып алууга чакырды.
Мэрия алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүр өз убагында даярдалганын эске салып, калаа тургундарына көмүрдү канча сомго жана кайсы жерден сатып алса болорун кабарлап, ал жердин даректерин берди.
Биринчи май району:
– Барпы Алыкулов көч., 1Д/1 (Шабыркүл маркасындагы көмүр, телефон: 0555 570 777);
– Достоевский көч., 1, (Шабыркүл маркасындагы көмүр, телефон: 0555 570 777).
– Мурманская 45/2, («Кара-Жыра» көмүрү, телефон: +996 (555) 439 195);
– Путпроводная жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде, («Кара-Жыра» көмүрү, телефон: +996 (555) 439 195).
Октябрь районунда төмөнкү дарек боюнча сатылууда:
– Достоевский көчөсү 97к (көмүр базасында 2300 тонна көмүр бар).
Свердлов району
– Достоевский көч., 1 дарегинде (1300 тонна Шабыркул көмүрү бар).
Ленин районундагы төмөнкү эки жерде сатылууда:
– Мурманская көчөсү 126 дарегинде “Миң-Куш” көмүрү;
– Мурманская 45/2 мурдагы Торг-Синтез ЖЧК, («Кара-Жыра» көмүрү).
Көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.