Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы социалдык тармактарда диний окуу жайлар боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди. Ошондой эле муфтияттын жетекчилиги өлкөбүздүн дин башкармалыгына караштуу медреселерде студенттерге диний билим берүүдөн тышкары кесипке да окутула тургандыгын маалымдады:
1. КР аймагындагы КМДБга караштуу диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөт.
2. КМДБ өзүнүн алдындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбашы үчүн атайын «Кесиптик билим берүү» долбоорун демөөрчүлөр менен бирге ишке ашырып, бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү 28 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Атап айтсак: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, студенттер үч айдын ичинде кесипке ээ болуп сертификаттарды алышууда. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.
3. Диний окуу жайларды иретке келтирип, шарттарын жакшыртуу менен билим алуусун камсыздоо максатында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет. Текшерүүдөн өткөн диний окуу жайлардын кызматкерлеринин билимин атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия текшерүүдө. Мындай текшерүүлөр буга чейин Аалымдар Кеңеши, Муфтият тарабынан да жүргүзүлүп келген.
Белгилей кетүүчү жагдай, Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында депутат Динара Ашимова өлкөдөгү аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятты “медреселердеги сабактардын программасына жана мугалимдердин деңгээлине көңүл бурбай жатат”,- деп сындаган.
“Кыз-келиндер медреселеринде теологиялык гана билим берилгени себептүү алар окууну аяктагандан кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип жатканын” айткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр мыйзамсыз иштеген бир нече медресенин ишмердигин токтоткон. Алардын ичинен Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медреседе окуган кыздар орто мектептерге барбай, Куран окуп, хадистерди үйрөнүшкөнү кабарланган. Кыздарга диний сабаты жок мугалимдер КМДБ текшербеген адабият менен сабак өтүшкөнү айтылган.



















