Ирандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Хорасан-Резави провинциясындагы Мешхед медициналык илимдер университетинин алдындагы борборлордун бири болгон “Мунтасарие” органдарды трансплантациялоо ооруканасында быйылкы жылдын алгачкы 6 айында 19 чет өлкөлүккө орган алмаштыруу жана жилик чучугун алмаштыруу операциясы жасалган.
Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Али Акбариан “IRNA” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул операциялардын ичинен бирөө боор, бирөө жилик чучугун жана 17си бөйрөк алмаштыруу болгон.
Али Акбариан белгилегендей, аталган борбордо чет элдик жарандардын бөйрөгүн жана боорун алмаштыруу операциясында донор менен бейтапдын жарандыгы бир болушу керек жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин трансплантология жана өзгөчө оорулар бөлүмүнөн жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу менен гана жасалат. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын орган алмаштырууга уруксат алуу ооруканага жаткыруу жана трансплантациялоо операциясына чейин жасалышы керек.
Ал өткөн жылы бул медициналык борбордо чет өлкөлүк 26 бейтапка орган алмаштыруу жана жилик чучугун алмаштыруу операциясы жасалганын айтты. Алар Ирак, Түркмөнстан, Тажикстан, Ливан жана Ооганстандын жарандары болгон.
“Мунтасарие” ооруканасындагы медициналык туризм борбору 2022-жылы чет элдик бейтаптарды тартуу жана кабыл алуу максатында түзүлүп, 2023-жылы Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлигинин лицензиясын алууга жетишкен.
Иран акыркы жылдары чет өлкөлүк бейтаптар үчүн популярдуу медициналык туризм борборуна айланып келе жатат. Өлкөгө жыл сайын сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн кеминде бир миллионго жакын адам келет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тынымсыз ден соолукту чыңдоо боюнча ар кандай программаларды иштеп чыгуунун үстүндө иштеп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерге өлкөгө кирүү үчүн керектүү документтерди алууга жардам берип, медициналык борборлорго мониторинг жүргүзүп келет.
Ирандагы медициналык туризмдин эң чоң артыкчылыктарынын бири, Европа же Америка сыяктуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу ал жактагы кызматтардын баасы кыйла арзан.
Көбүнчө Иранга дарылануу үчүн Азербайжан, Ирак, Ооганстан, Кувейт, Сирия, Ливан, Бахрейн, Түркия жана Түркмөнстандан келишет.


















