Малинин батышында жайгашкан мыйзамсыз алтын казуучу шахтада жер кыртышынын көчүүсүнөн кеминде 48 киши каза тапты, бул тууралуу Agence France-Presse агенттиги жергиликтүү полициянын булактарына таянуу менен маалымдады.
Аталган агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, кырсык шахтаны мурда кытайлык компания эксплуатация кылган аймактагы жер бетинде болгон. Каза болгондордун арасында негизинен аялдар бар.
Агенттик ошондой эле, мындай кырсыктар көп учурда ушул аймакта кен казуу тармагындагы мыйзамсыз иштетүүлөрдүн жогору болушуна байланыштуу болорун белгилеген.



















