Иран Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) инспекторлорун шпиондук кылууга айыптады. Ирандын маалыматына караганда, инспекторлор өлкөдөгү ядролук объекттерди текшерүү маалында бут кийимдерине жашыруун байкоочу чиптерди орнотушкан.
Бул айыптоо Иран парламентынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Махмуд Набавиан тарабынан айтылды. Ал билдиргендей, чиптердин табылышы инспекторлордун чалгындоо иштерине катышканын далилдейт.
Набавиан ошондой эле МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссини Ирандын жашыруун отчетторунун Израилге агып кетишине жооптуу деп атады.
Fars News агенттигине берген маегинде Набавиан МАГАТЭ инспекторлору «шексиз шпиондор» экенин белгилеп, жашыруун документтер АКШ жана сионисттик режимдин медиасына агенттиктин ички кароосуна жетпей жатып эле тараганын айтты.
Ал белгилегендей, Ирандын МАГАТЭ менен кызматташуусу мындан ары Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө жана чектелген шартта гана жүрөт.




















