Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

М. Айдаркулов: “Быйыл август айына чейин чукул президенттик шайлоо өткөрүүгө баардык шарттар бар”

  • Эксперттин пикири
  • 31.01.2026 12:35

Loading

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын президенттик шайлоонун тегерегиндеги билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын саясат айдыңында бул тема кызуу талкууланууда. Бирок Конституциянын беренелерин ар ким ар кандай талкуулоодо. Биз жагдайга мыйзамдын негизинде так юридикалык баа берүү үчүн белгилүү коомдук ишмер жана журналист Айдаркулов Мелис Калданбековичке кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди:

– Сиз бул теманы талкуулоодо айрым чаташтыруулар болуп жатканын туура байкагансыз. Айрымдар «Садыр Жапаров 2010-жылы кабыл алынган эски Конституциянын маалында шайланган. Демек, анын президенттик мөөнөтү эски Конституциянын жоболоруна ылайык каралышы керек» деген аргументке негизденишет. Негизги ката ушунда.

Чындыгында президенттик шайлоонун кайсы күнү өткөнү эмес, Президент өз ыйгарым укуктарын кайсы Конституциянын алкагында аткарып жатканы юридикалык мааниге ээ экенин эске алуу керек.

Тема боюнча

 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

26.10.2026

2021-жылы жазында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин мурдагы Конституция юридикалык күчүн жоготкон. Президент башында турган мамлекеттик бийликтин бардык органдары автоматтык түрдө жаңы Конституциянын укуктук алкагына өткөн.

Демек, учурдагы Президент «эски Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырып жатат» деген кептин нормативдик-укуктук негизи жок. Бул — юридикалык категория эмес, саясий формула.

Айрым талдоочулар Конституциянын президенттик мөөнөт тууралуу беренелерин абдан кызуу талкуулашат, бирок өткөөл жоболорду же такыр айтышпайт, же аны «кошумча түшүндүрмө» катары гана көрсөтүшөт. Бул юридикалык алмаштыруу (подмена). Өткөөл жоболор Конституциянын ажырагыс бөлүгү, түздөн-түз колдонулуучу укуктук норма экени, аны айланып өтүүгө болбосу адис эместерге деле белгилүү.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы Конституциясынын өткөөл жоболорунда 2021-жылы шайланган учурдагы Президент өз ыйгарым укуктарын жаңы Конституцияга ылайык жүзөгө ашырары так жана ачык көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, анын президенттик мөөнөтү жаңы Конституцияга ылайык биринчи мөөнөт катары түздөн-түз эсептелет. Ал эми жаңы Конституцияга ылайык, президенттик кызматка экинчи мөөнөткө шайлануу укугу каралган.

Тилекке каршы, “2021-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын 2010-жылдагы Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат. Алты жылдык мөөнөткө шайланган президенттин мөөнөтү ушул Конституцияга ылайык биринчи мөөнөт катары эсептелет” деген жаңылыш түшүнүк тээ 2021-жылдын башынан тартып эле ЖМК аркылуу коомчулукка таркатылып келди.

Кээ бир талдоочулар: «Конституцияда Садыр Жапаров дагы бир жолу шайланса болот деп түз айтылган эмес» дешет. Бул — конституциялык укуктун логикасын бурмалоо. Укук чөйрөсүндө “Мыйзам тарабынан түз тыюу салынган нерсеге гана тыюу салынат” деген негизги принцип бар.

Эгер Конституция эки мөөнөткө шайланууга уруксат берсе жана иштеп жаткан Президентке карата атайын тыюу жок болсо, анда Негизги мыйзамдын текстинде жок нерсени ойлоп табуунун кажети жок.

Укуктук жактан алганда Баш мыйзам өзгөргөндөн кийин кайра президенттик шайлоо дайындалышы керек болчу. Бирок азыр да создуктурбай быйыл август айында Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттер башчыларынын кезектеги 26-саммитине чейин чукул президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясий тандеми 5 жыл ичинде Кыргызстанды өнүгүү жолуна салды. Мындан ары да президенттик кызматтын легитимдүүлүгү кынтыксыз болуп, ал өлкөдөгү азыркы саясий турукуулуктун, өнүгүүнүн ишенимдүү кепили бойдон калганы туура болот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Конституцияпрезиденттик шайлооС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

16.11.2026
 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

26.10.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
БШКнын төрагасы Парламентке президентти шайлоону дайындоо маселесин сунуштады

БШКнын төрагасы Парламентке президентти шайлоону дайындоо маселесин сунуштады

20.08.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
Курултайга шайлоолор жана президенттик мөөнөт: Башкаруучу партиянын жеңиши Токаевдин мөөнөтүнө таасир этеби?

Курултайга шайлоолор жана президенттик мөөнөт: Башкаруучу партиянын жеңиши Токаевдин мөөнөтүнө таасир этеби?

20.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.