Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы 29-майда КР Куралдуу күчтөрү түзүлүп, союздан калган аскер бөлүктөр көз карандысыз мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн.
Президент Садыр Жапаров 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги катары Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү – өлкөдөгү ар бир аскер кызматчысы үчүн өзгөчө майрам экенин белгиледи.
Анын айтымында, 1992-жылы улуттук армияны түзүү чечимин кабыл алуу менен эгемен Кыргызстанды коргоо боюнча жаңы институт пайда болуп, ага республиканын аскердик коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн.
“Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн күжүрмөн жетишкендигинин олуттуу сыноосу 1999-2000-жылдардагы эл аралык террорчулардын согушкерлери Мекенибизге бастырып кирген Баткен окуясы болду. Ошол жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү каршы күрөшүп жаткан эл аралык терроризмге биринчилерден болуп биздин өлкө дуушар болгон. Баткен окуясындагы терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды. Өлкөбүздө болгон окуяларда Кыргызстандын аскер кызматчылары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү”, – деген мамлекет башчы.
Садыр Жапаров ошондой эле аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо – мамлекеттин милдети экенин айтып, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-шарттарын жакшыртуу, аскердик шаарчаларды заманбап инфратүзүм менен камсыз кылуу керектигин өзгөчө белгилеп, жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун жана коомдун ичинде алардын кадыр-баркын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.
Соңунда өлкө башчы Мекенди коргоо чыныгы жигиттин сыймыгы жана милдети экенин айтып, жалпы аскер кызматкерлерине талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.




















