Кытай Япониянын агрессиясына каршы Кытайдын элдик согушундагы жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 80 жылдыгын белгилейт. Ага дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн лидерлери катышат. Бул маалыматты CCTV News агенттиги жарыялады.
“28-августта эртең менен Кытай элинин япон баскынчылыгына каршы каршылык көрсөтүү согушунун жана дүйнөлүк антифашисттик согуштун жеңишинин 80 жылдыгынын пресс-борборунда майрамга карата даярдыктар менен тааныштыруу жана журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн биринчи маалымат жыйыны өткөрүлдү”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 26 чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылар аталган иш чарага катышат.
Телеканал белгилегендей, коноктордун арасында Россиянын президенти Владимир Путин, КЭДР лидери Ким Чен Ын, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Азербайжан менен Армениянын лидерлери Ильхам Алиев жана Никол Пашинян жана Беларустун, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери катышат. Ошондой эле Сербиянын президенти Александр Вучич, Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо жана башка саясатчылар бар.
Эскерте кетсек, Кытай 3-сентябрда Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында Кытай элинин япон баскынчылыгына каршы күрөшүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 80 жылдыгын белгилөө үчүн аскердик парад өткөрөт.
Салтанат 70 мүнөткө созулуп, анын жүрүшүндө Кытайдын Элдик-боштондук армиясы аскерлердин салттуу түрлөрүн жана куралдуу күчтөрдүн жаңы бөлүктөрүн – 45 экипажды, алдыңкы ракеталык технологияларды, танктарды, учактарды жана улуттук өндүрүштүн учкучсуз системаларын тартуулашат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Пекиндеги парадды бойкоттоо чакырыктары үчүн Японияга нааразылык билдирип, түшүндүрмө берүүнү талап кылгандыгын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун билдирген.
“Кытай алынган маалыматты көңүлгө алып, Японияга олуттуу нааразычылыгын билдирип, түшүндүрмө берүүнү талап кылды”, – деп баса белгилеген ал брифингде.
Кытайлык дипломат белгилегендей, бул масштабдуу иш-чара тарыхый эстутумду сактоо, согушта курман болгондорго таазим кылуу жана коомчулукка тынчтыктын баалуулугун жана жакшы келечек үчүн күч-аракет жумшоо зарылдыгын эскертүүнү көздөйт.

















