Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кытай Трамптын Иранга каршы аскердик күч колдонуу коркунучун четке какты

  • Батыш Азия
  • 13.01.2026 16:29

Loading

Кытай АКШнын Ирандын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы чыкты. Себеби АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ жана Израиль колдогон козголоңчуларды колдоо максатында Ислам Республикасына кол салуу мүмкүн экенин билдирген.

«Биз ар дайым башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө каршыбыз жана бардык тараптарды бардык мамлекеттердин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырабыз», — деди дүйшөмбү күнү Бээжинде Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин.

«Биз эл аралык мамилелерде күч колдонууга же күч колдонуу коркунучуна каршыбыз», — деп белгиледи Мао. Ал ошондой эле мындай деп кошумчалады: «Биз бардык тараптарды Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жана туруктуулукка өбөлгө түзө тургандай аракет кылууга чакырабыз».

Тема боюнча

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026

Кытай дипломаты ошондой эле Бээжин «Ирандын өкмөтү менен эли учурдагы кыйынчылыктарды жеңип чыгып, өлкөдөгү туруктуулукту сактап калат деп үмүттөнөрүн» билдирди.

Бул билдирүүлөр Трамп Ирандагы кырдаалга анын администрациясы «абдан олуттуу» мамиле жасап жатканын айткан соң жасалды.

«Аскер кызматкерлери бул маселени изилдеп жатышат, биз бир нече абдан олуттуу варианттарды карап жатабыз. Чечим кабыл алабыз», — деген Трамп жекшемби күнү журналисттерге.

Иранда өткөн айдын аягында тынч нааразылык акциялары катары башталган окуялар бара-бара башаламандыкка айланган. АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн кийлигишүүгө үндөгөн билдирүүлөрүнө шыктанган айрым башаламандыкка катышуучулар өлкө боюнча шаарларда тартип бузуп, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерин өлтүрүп, коомдук инфраструктураны талкалашкан.

Президент Масуд Пезешкиан жекшемби күнү куралчан башаламандыкка катышкандар АКШнын жана Израилдин атайын кызматтары тарабынан өлкөнүн ичинде да, сыртында да даярдыктан өткөрүлгөнүн билдирди.

Дүйшөмбү күнү ММКлар үчүн өткөн брифингде Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин басма сөз катчысы Эбрахим Резаи «комитеттин азыркыга чейинки жыйынтыктары акыркы окуяларга чет элдик күчтөрдүн, айрыкча америкалыктардын жана сионисттердин кийлигишкенин көрсөтүп турат»,- деп билдирди.

Ошол эле учурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи дүйшөмбү күнү түзүлгөн кырдаалды «террордук согуш» деп атады.

«Иран бийлигинде террористтик элементтерге жарандарга жана коопсуздук күчтөрүнө ок ачуу тууралуу буйрук берилген үн жазуулары бар», — деди ал.

Ирандын башкы дипломаты террористтик топтор өкмөттүк имараттарга, полиция бөлүмдөрүнө жана дүкөндөргө кол салганын билдирди. Ал ошондой эле Иран бийлигинде башаламандыкка катышуучулардын курал алып жатканын көрсөткөн сүрөттөр бар экенин баса белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: иранИрандагы башаламандыктар
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026
Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

24.11.2026
Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

23.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.