Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр.
Ал белгилегендей, Өзбекстан кытайлык туристтерге 14 күндүк визасыз режимге уруксат берген. Казакстан болсо май айынан баштап Кытай жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режимди киргизүүнү пландоодо.
Кулубаев бул маселе 27-апрелде Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушканда сүйлөшүлгөнүн билдирди.
“Биздин жарандардын, айдоочулардын виза маселесин талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жалпысынан алганда Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр”, – деди ТИМ башчысы.