«Кыргызтопчу» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Кыргыззоот» жана «Кыргызсоода» ЖЧКлары ортосунда жалпы суммасы 1 миллион сомдук келишим түзүлдү. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ААКнын маалымат кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, эми «Кыргызстиль” компаниясы менен түзүлө турган келишим учурда каралууда.
“Кыргызтопчу” ишканасы Кыргызстандагы тигүү аксессуарларын, тагыраагы: топчу жана сыдырма-бүчүлөрдү өндүргөн алгачкы жана жалгыз ишкана. 2023-жылдын март айынан тарта ишке кирген. Өндүрүшүнүн көлөмү жылына 12 миллион метр сыдырма, 5 тонна же 10 000 000 даана топчуга жетет.
Белгилей кетсек, «Кыргызтопчу» ишканасы 2022-жылдын март айында «Кыргызиндустрия» ААКнун базасында түзүлгөн.
«Кыргызиндустрия» ААК – Кыргызстандын экономикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга адистешкен алдыңкы өнөр жай компаниясы болуп саналат.
«Кыргызиндустрия» ААКнун уюштуруучусу жана жалгыз акционери – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.





















