Мамлекет башчы кол койгон буйрукка ылайык, КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяев жүктөлгөн милдетти талаптагыдай аткара албагндыгы үчүн кызматынан алынган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Тотуяев Уланбек Асанкулович жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду”,- деп айтылат президенттин расмий сайтындагы маалыматта.
.




















