Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.
Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынан кабарлашты
Спортчу брасс ыкмасында 50 метр аралыкты 27,67 секундада сүзүп, 1-орунду багындыра алды.
Эми Петрашов 29-февралда 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күч сынашат.
Спортчу бул жеңиши менен үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Ал 2017-жылы жана 2019-жылы да Азия чемпионатында алтын медаль багындырган.
Белгилей кетсек, спорттун суудагы түрлөрү боюнча Азия чемпионаты Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жатат.





















