Адатта күн сууп, кыш жакындаган сайын өлкөбүздүн аймагында көмүргө болгон баа жогорулай баштайт.
Бирок быйыл көмүр өндүрүүчүлөр менен алып-сатарлардын андай кызыл кулактыгы байкалбайт. Анткени УКМК менен жергиликтүү бийлик жагдайды тыкыр көзөмөлгө алууда.
Мисалы, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн түштүк аймактарына да арзан көмүр кампаларга жеткирилип жатат. Эң алыскы Раззаков шаарында көмүрдүн тоннасы 5000 сомдон сатылып жатат. Бирок мурда Кыргызстандагы эң сапаттуу Сүлүктү көмүрүнүн бир тоннасы 12 000 сомдон төмөн түшчү эмес.
Себеби Министрлер Кабинети тарабынан көмүрдү сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизилгендиктен, ички керектөө толук камсыз болууда. Эң негизгиси шахтёрлор жердин астынан кол менен казып алган көмүрдү шахтадан дүңүнөн сатып алып, үстүнө эки-үч эсе кошуп саткан ортомчулар да жок. Бул жагын тиешелүү мамлекеттик органдар каттуу текшерүүдө.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерин кылмыштуу топтор көзөмөлдөп, андан тышкары ар бир кенге ай сайын кылмыш дүйнөсүнүн капчыгына тиешелүү суммадагы “салыкты” алып турушкан. Мындан бир ай мурда УКМК андай топторду аныктап, чет өлкөгө мыйзамсыз сатылып келген көмүрдүн жолун бууган.


















