2023-жылы Өзбекстан Кыргызстанга суу алгандыгы үчүн $240 миң төлөгөн. Үстүбүздөгү жылы бул сумма $280 миң доллар болору маалымдалууда.
Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Казакстан жана Өзбекстан суу алгандыгы үчүн кандай төлөм жүргүзөрүн айтып бергендигин Өзбекстандын kun.uz сайты жазды.
«Казакстан жыл сайын каражат бөлөт. Бирок ал каражатты бизге бербейт, алар суу чарбасынын керектүү жумуштарын аткарат. Мисалы, мамлекеттер аралык объектилерди оңдойт. Киров суу сактагычында өтө көп каражатты талап кылган тосмону алмаштырышты. Жыл сайын алар 179 млн тенгеге ($401,8 миң.) оңдоо иштерин жүргүзүшөт», – деп айткан Сокеев.
Анын маалыматына ылайык, азыркы учурда Казакстан менен объектилерди тейлөөгө керектүү каражатты бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Себеби биз оңдоо иштерин өз күчүбүз менен жасайбыз, бизде подряддык уюмдар жок», – деген Сокеев.
Ал Өзбекстан сууну пайдалангандыгы үчүн акча төлөй тургандыгын белгиледи.
«Өзбекстан акча которот. Алар жыл сайын сууну пайдаланган акысын жогорулатууда. Бул сумма 2023-жылы $240 миң болгон. Быйылкы жылы болсо $280 миң болот. 2025-жылы мындан да көбөйөт. Ошентип жыл сайын кошуна мамлекет сууну пайдалангандыгы үчүн которгон акча жогорулап турат», – деди ал.



















