Россия менен Кыргызстан күн электр станцияларын куруу долбоорун биргелешип ишке ашырат, деп билдирди РФнын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Ал форумдун алкагында мамлекеттердин министрлери долбоордун өкмөт тарабынан колдоого алынышын талкуулашат, деп кошумчалады.
«Күн электр станцияларын курууну талкуулап жатабыз, учурда бул долбоорду ишке ашыруу фазасына кириштик. Форумдун алкагында биздин министрлердин дагы эки тараптуу жолугушуусу болот деп үмүттөнөбүз. Анда инвесторлор да жана бул иш үчүн аянтчаларды бергендер да бул долбоорду ишке ашырууну мүмкүн болушунча тездетүү үчүн долбоор кандай жүрүп жатканы, эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кандай колдоо керектиги тууралуу кененирээк сүйлөшөбүз. Анткени кайра жаралуучу энергия маселеси орус-кыргыз кызматташтыгынын эң перспективдүү багыты жана аз эмиссиялуу өнүгүү жолунда улуттук экономикалардын туруктуулугунун негизи болуп саналат”,-деди Вольвач Россия-Кыргызстан бизнес-диалогунун жүрүшүндө.
Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 мегаваттка чейин болгон күн электр станциясын биргелешип курууну кызматташуунун маанилүү долбоору деп атады.
Эске салсак, апрель айынын башында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын куруу башталган. Күн нурунан энергия алчу станцияны кыргызстандык “Бишкек Солар” жана россиялык “Юнигрин энерджи” компаниялары ишке ашырууда. Инвестициянын көлөмү 300 млн. доллар болот.
Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму Россиядагы эң ири экономикалык форум. Быйыл ал 14-июндан 17-июнга чейин өтөт.