Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапар менен барды.
Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Астанага алгачкы расмий чет элдик сапары менен барган А. Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашты.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, жолугушууда Касымалиев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүү тенденциясы байкалып жатканын белгиледи.
Мисалы, 2024-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 340 миллион АКШ долларын түзгөн.
«Бул цифралар бизге белгилүү өлчөмдө оптимизмди берет. Айрыкча, эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекеттердин башчылары тарабынан 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 миллиард долларга жеткирүү максатына жетишилгендигине байланыштуу, ошондой эле 2024-жылдын 9 айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 миллион АКШ долларын инвестициялаган.
Инвестициялык мамилелерди активдештирүү максатында өткөн жылы инвестицияны өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңыланган өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Мунун баары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди системалуу түрдө кеңейтүү үчүн болгон потенциалды дагы бир жолу тастыктайт», – деди Касымалиев.
Ошол эле учурда эки өлкөнүн чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин курулушундагы жүк ташуу процесстерин оптималдаштырууга, бизнес үчүн чыгымдарды кыскартууга жана эки тараптуу сооданын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берерине токтолгон.
Ал эми Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов транзиттик-транспорт тармагында казак-кыргыз мамлекеттик чек арасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылып жаткандыгына токтолду.
Айрыкча Аксуу-Камышановка жана Бесагаш-Кичи-Капка сыяктуу чек арадагы автомобиль өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилеп, “Сортөбе” – “Токмок” жана “Аухатты” – “Кең-Булуң” өткөрүү пункттарын өнүктүрүү пландаштырылып жаткандыгын айтып өттү.
Олжас Бектенов ошол эле учурда эки мамлекеттин ортосундагы соода өнөктүгүндө бир кыйла өсүштөр бар экендигин белгиледи.
«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көрсөткүчтөрү кайрадан өсүп, 1,7 миллиард долларды түзгөнүн белгилеп кетүү кубанычтуу. Ошону менен бирге биз соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалды көрүп жатабыз», – деп баса белгиледи Олжас Бектенов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушары күтүлүүдө.




















