20-июнда Бишкек шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын суу-энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, жыйынга Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков, Кыргызстандын энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков ошондой эле энергетика министрлигинин өкүлдөрү, «Электр станциялары» ААКсынын жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын жетекчилери, ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле иш-чарага Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жана Казакстанстандын энергетика вице-министри Санжар Жаркешов катышты.
Өзбекстан тараптан Суу чарба министри Шавкат Хамраев жана Улуттук диспетчердик борбордун директору Музафар Бобоев өкүлдүк кылышты.
Алтынбек Рысбеков жыйынды ачып жатып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык достук жана жакшы коңшулук мамилелер өз ара ишенимге, колдоого жана урматтоого негизделгенин белгиледи.
«Кыргызстан үчүн коңшу мамлекеттер менен суу-энергетика тармагындагы өз ара ишенимге негизделген кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү жолугушуу аймактын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу, системалардын ишенимдүү иштешин камсыздоо жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Биз координацияланган жана өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярбыз», — деди министр.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар 2026–2027-жылдардын вегетациялык жана күз-кыш мезгилдеринде аймактын суу-энергетикалык системаларынын туруктуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, энергетикалык объектилердин иш режимдерин координациялоого, макулдашылган графиктердин сакталышына жана үч өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Токтогул суу сактагычындагы учурдагы абалды эске алуу менен, жолугушуунун катышуучулары анын суусунун көлөмүн зарыл деңгээлде сактоо жана толукталып турушун биргелешип камсыз кылууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү жана алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү, ошондой эле вегетациялык мезгилге даярдык көрүү боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө макулдашышты.
Жолугушуунун катышуучулары аймактык энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйын соңунда тараптар суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана аймактык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган макулдашылган чечимдерди ишке ашырууну улантуу ниеттерин ырасташты.
Жыйынтыгында тараптар жолугушуунун протоколуна кол коюшуп, биргелешкен сүрөткө түшүштү.




















