Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти 12-13-февраль күндөрү Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында өткөн “XVII Тегеран эл аралык туризм жана ага байланыштуу тармактардын көргөзмөсүнө” катышты.
Бул тууралуу Туризм департаментинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Туризм департаментинин өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ирандыктарга жана көргөзмөгө келген катышуучуларга Кыргызстандын туризм дарамети жөнүндө презентация көрсөтүлүп, эки тараптуу кызматташуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.
Тегерандагы көргөзмөгө Кыргызстан, Иран, Россия, Индия, Ирак, Казакстан, Венесуэла, Вьетнам, Катар, Малайзия, Шри-Ланка, Япония жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.
Көргөзмө өлкөлөрдүн туристтик жерлерин жана ар түрдүүлүгүн дагы көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.















