Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Бегижан Ахмедов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында адамзатка кайрылуу жасап, дүйнө коомчулугун тынчтыкка чакырды. Бул тууралуу ал Eurasia Today агенттигине берген чакан маегинде билдирди.
Жазуучу өз сөзүндө согуштарды, жаңжалдарды жана кооптуу бөлүнүүлөрдү токтотуп, ынтымакты, өз ара түшүнүшүүнү жана урматтоону тандап алууга үндөдү. Анын айтымында, дүйнө элдери бири-бирине жат эмес, бир адамзаттын тууган бутактары. Бардык адамдар бир ата менен энеден тараган жана бир эле маңыздан жаралган.
Кайрылуусуна руханий мазмун берүү максатында Ахмедов фарсы тилинде Саади Ширазинин белгилүү «Адам балдары» аттуу ырын окуп берди. Ал бул чыгарманы түшүндүрүп жатып, адамзат бир бүтүн организмге окшош экенин белгиледи. «Эгер бир мүчө ооруса, бүт дене азап тартат. Эгер адам башканын кайгысын көрүп туруп кайдыгер калса, анда ал адам деп аталууга татыксыз», — деди ал.
Кыргыз жазуучусунун бул кайрылуусу бир катар өлкөлөрдө колдоо таап, коомчулукта талкуу жаратууда. Анда адам өмүрүнүн баалуулугу, күчтүүлөрдүн алсыздар алдындагы жоопкерчилиги жана элдердин руханий жакындыгы саясий тоскоолдуктардан жогору турары айтылат. Достук, ынтымак жана өз ара жардам дүйнөдөгү тынчтыктын негизги таянычы экени баса белгиленет.
Бегижан Ахмедов Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанымал. Анын дүйнөнүн он тилине которулган «Дервиш» романы кеңири окурманга жеткен. Ошондой эле ал элдердин достугун бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды жайылтууга багытталган коомдук ишмердүүлүгү менен белгилүү.
Жазуучу бир катар сыйлыктардын ээси. Алардын катарында Шанхай кызматташтык уюмунун «Элдик дипломат» медалы да бар.



















