Кыргызстан менен Кытай Борбор Азияны Батыш Кытай менен байланыштырган жаңы эл аралык аба каттамын ачууну макулдашты.
Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.
Жаңы каттам глобалдык Air Silk Road долбоорунун бир бөлүгү болуп, Борбор Азия менен Батыш Кытайдын түз аба байланышын камсыздайт.
«Бул жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана ачпастан, учурдагы аба коридорун олуттуу жеңилдетет. Логистиканы жакшыртат жана аймактагы учуу коопсуздугун жогорулатат», – деп билдирди авиация башкармалыгы.
Каттамдын конкреттүү параметрлери жана аны иштетүү тартиби эки өлкөнүн авиациялык бийлик өкүлдөрүнүн ушул жылдын 28-29-апрелинде өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында макулдашылган.
Долбоор боюнча иштер КЭРдин авиациялык бийликтери, ошондой эле тиешелүү уюмдар жана авиакомпаниялар менен тыгыз кызматташтыкта уланып жаткандыгын кошумчалады агенттик.
Жаңы аба каттамынын ачылышы соода-экономикалык байланыштарды чыңдап, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык транспорт тармагына интеграцияланышына өбөлгө болору күтүлүүдө.

















