Eurasiatoday
Четверг, 30-Ноябрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир — үчүнчү «Бедел» өткөрүү пункту ачылат

  • Экономика
  • 17.08.2023 13:02

Loading

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР Компартиясынын БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Тема боюнча:

Пекин: «Тайвандын көз карандысыздыгы» согуш дегенди билдирет

Пекин: «Тайвандын көз карандысыздыгы» согуш дегенди билдирет

28.11.2023

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт, логистика, почта байланышы, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин карашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-кытай мамилелери прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында өлкө Президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз тараптын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын айтып, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун белгиледи.

Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Бул багытта МинКаб Төрагасы эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочулук визаларды берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Ак-Суу” автожолун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда жакшы перспективалар бар экенин билдиришти.

“Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда, атап айтканда СУАР менен энергетика тармагында тыгыз кызматташтыкты түзүү маселеси биринчи кезектеги артыкчылык болуп саналат. Кыргыз тарап Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууга кызыкдар”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Чек арадагы коммерция жана соода маселелерин талкуулоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда жана Ош облусунун Алай районунда соода-логистикалык комплекстерди жана алымсыз чек ара соода жайларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы кыргыз тараптын Кытай жана СУАР компаниялары менен электрондук коммерцияны жана почта байланышын өнүктүрүүдө, тездетилген “жашыл коридорду” камсыз кылууда, ата мекендик продукциянын кытай рыногуна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды алдыңкы жабдуулар менен жабдуу боюнча тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

МинКаб Төрагасы кытай тарапка “Улуу Жибек жолу” бренди менен биргелешкен туристтик продуктуну түзүүнү сунуштады, ошондой эле СУАР Өкмөтүнүн кыргызстандык студенттерге СУАРдын жогорку окуу жайларында окууга 25 квоталык бюджеттик орундарды бөлүп берүү чечимине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде КЭР Компартиясынын БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын ынтымактуу дос кошунасы экендигин белгиледи.

“Синьцзян-Уйгур автономиялуу району географиялык жактан Кыргызстанга жакын жана биз энергетика, жашыл экономика, почта байланышы, электрондук коммерция тармагында кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз. Биз Кыргызстандан СУАРга продукция алып келүүгө дагы кызыкдарбыз жана экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даярбыз. Ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү зарыл”, — деди Ма Синжуй.

Ма Синжуй бул сапардын алкагында кыргыз тараптын Кытай-Евразия ЭКСПОго катышуусунун жана кыргыз-кытай бизнес форумун уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен СУАРдын мамлекеттик органдарынын ортосунда бир катар келишимдерге жана документтерге кол коюшту.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Тегдер: бажыКытайСУАРТоругарт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытайлык компания учкан электромобилди көрсөттү. Видео

Кытайлык компания учкан электромобилди көрсөттү. Видео

29.11.2023
Пекин: «Тайвандын көз карандысыздыгы» согуш дегенди билдирет

Пекин: «Тайвандын көз карандысыздыгы» согуш дегенди билдирет

28.11.2023
Эксперт: Цзиньпин менен Байдендин жолугушуусу мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды

Эксперт: Цзиньпин менен Байдендин жолугушуусу мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды

16.11.2023
Казакстан менен Кытайдын жарандары эми бири-биринин аймагында визасыз жүрө алышат

Казакстан менен Кытайдын жарандары эми бири-биринин аймагында визасыз жүрө алышат

11.11.2023
Талибдер Өзбекстан аркылуу ооган жүктөрүн өткөрүү акысын төмөндөтүүнү суранууда

Талибдер Өзбекстан аркылуу ооган жүктөрүн өткөрүү акысын төмөндөтүүнү суранууда

31.10.2023
Садыр Жапаров Кытайдын Мамкеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

Садыр Жапаров Кытайдын Мамкеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

25.10.2023
Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

24.10.2023
Өзбекстан Кытай менен биргеликте 600 МВт кубаттуулуктагы ГАЭС курат

Өзбекстан Кытай менен биргеликте 600 МВт кубаттуулуктагы ГАЭС курат

20.10.2023
Кыргызстан Индия жана Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Шарты

Кыргызстан Индия жана Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Шарты

17.10.2023

Башкы жаңылыктар

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

25.11.2023
Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

24.11.2023

Валюталар курсу

26
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

30.11.2023
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

29.11.2023
Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

29.11.2023
Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.