Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

  • Батыш Азия, Кыргызстан, ТОП жаңылыктар
  • 02.02.2024 11:21

Loading

Бишкекте 1-февралда өткөн кыргыз-иран өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий кеңешмелерде эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Тегерандын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми ирандык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жетектеди.

Тема боюнча

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026

Белгилей кетсек, Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.

Иран менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери уланып келет. Бишкек – Тегеран түз каттамдары 2008-жылы «Itek Air» авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы кырсыкка учурагандан кийин токтотулган. Учак техникалык кемчиликтерден улам бийик көтөрүлө албай, кайрадан конуу тилкесине кайрылып жатып Жаңы-Жер айылынан 10 чакырым алыстыкта кыйроого учураган. 90 жүргүнчүнүн ичинен 64 адам көз жумган. 

Кеңешмелердин жүрүшүндө ошондой эле тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашып, үстүбүздөгү жылга карата өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Эки өлкөнүн саясий чөйрөсүндө өз ара кызматташуу маселелерине токтолуп, Атаханов кыргыз-иран мамилелери конструктивдүү жана достук мамиледе экенин, мамлекеттер бир аймакта жайгашкан жана тарыхы менен маданияты окшош экенин, аймактык коопсуздукту чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоого көп көңүл бурулду. Бул контекстте делегациялар транспорт, айыл чарба, логистика жана туризм тармактарында түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда бири-бирине керектүү жардам көрсөтүүнү макулдашышты.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты жана БУУ, ЭКУ, ШКУ, ИКУ жана ЕАЭБ платформаларында аймактык кызматташтык маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Өз кезегинде ирандык делегациянын башчысы Али Багери ТИМ аралык кезектеги консультацияларды Тегеранда өткөрүүнү сунуштады.

Али Багери ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Кыргызстанга 30-январда келген. Ал сапардын алкагында 1-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолуккан.

Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө, инвестициялык байланыштарды жогорулатууга, транспорт-логистика тармагында, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Али БагериБишкек-ТегераниранКыргызстансаясий кеңешметүз аба каттам
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026
Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

24.11.2026
Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

23.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
219 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.